Сооронбай Жээнбеков: “Аймактагы шаарларда борбор калаадагыдай шарт түзүлүшү керек”

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 24-мартта өкмөттөгү жыйында аймактагы шаарларда борбордогудай шарт болушу керек экенин айтты.

Ал кичинекей шаарларда медициналык жана билим берүү мекемелери, канализация болуусу зарыл экенин эскертти.

“Кээ бирөөлөр мага туугандарын ооруканага жаткыруу боюнча кайрылышат. Анткени аймактарда сапаттуу медициналык кызмат алууга шарттар жок. Биздин максат – Талас, Каракол, Нарын шаарларында борбор калаадагыдай шарт түзүү. Шаарларды өнүктүрүү боюнча программа коюлуп жатат. Ошол концепцияны ишке ашыруу үчүн мөөнөт коюу зарыл”, - деди ал.

Ал эми экономика министринин өкүлү бул программаны 5 жыл аралыгында гана ишке ашыра ала турганын билдирди.

Өкмөттө экономика министри өлкөнүн аймактык саясатынын концепциясын бекитүү жөнүндө баяндама жасады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан