Вице-спикер: "УКМКнын алдындагы чырды парламент материалдар түшсө гана карайт"

"Сөз эркиндигин коргоо комитети" бейөкмөт уюму менен "Конституциялык кеңешме үчүн" кыймылы Жогорку Кеңешти жыйынга чогулуп, 25-марттагы Садыр Жапаровдун тарапташтарынын митингиндеги окуяларды иликтөө комиссиясын түзүүгө чакырды.

Кайрылууда митингчилердин милиция кызматкерлери тарабынан кармалышы тууралуу маалыматтарды, видеоматериалдарды иликтеп, күч органдарынын аракеттерине баа берүү сунушу жазылган.

Бүгүн, 27-мартта Жогорку Кеңештин вице-спикери Алтынай Өмүрбекова чукул жыйынга чогулуп, өткөн аптанын соңундагы митингди талкуулоо боюнча кайрылуу түшө электигин билдирди.

"Регламент боюнча ар бир маселе комитетте каралышы керек. Комитет палатага чыгарылсын деген чечим болсо, анан палатага алып чыкканга туура келет. 25-марттагы окуяны карап чыгуу керек, кырдаал боюнча азыр комментарий бере албайм. Канчалык деңгээлде болгонун укук коргоо органдары дагы карап жатышпайбы. Материалдар келип түшсө бул окуяны карайбыз", - деди Алтынай Өмүрбекова.

Эскерте кетсек, Садыр Жапаров 25-мартта Казакстандан Кыргыз мамлекетине киргенде аны чек арадан күч органдары кармап кетишкен. УКМК 2013-жылдын 7-октябрында Каракол шаарында өткөн митингди Жапаров каржылаганын, митингдин катышуучулары ошол кездеги облус жетекчиси Эмилбек Каптагаевди күч менен унаага салып, туткунга алып отурушканын билдирген. Мекеме 7-октябрдагы митингдин максаты Ысык-Көл облустук администрациясын басып алуу, облуста тополоң чыгаруу болгон деп маалымат тараткан. С.Жапаровдун тарапташтары митинг өткөрүшүп, 64 адам милиция кызматкерлери тарабынан кармалышкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан