2016-жылдын ноябрь айынан тарта Кыргыз мамлекетине Казакстан, Орусиядан тооктун этин жана жумуртканы алып келүүгө тыюу салынган. Бул тууралуу бүгүн, 27-мартта парламентте Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин жыйынында ветеринардык жана фитосанитардык инспекциянын директору Калысбек Жумаканов билдирди.
Ал Орусия менен Казакстанда "куш тумоосу" жүргөндүктөн тыюу салынганын эскертти. Ошондой эле Жумаканов азыркы учурда дүйнөдө эпизоотикалык абал курч болуп турганын кошумчалады.
Ошол эле учурда "Кыргызстан" фракциясынын депутаты Дастан Жумабеков өкмөттөн малдарды эмдөөдөн өткөрүү боюнча маалымат угууну сунуштады. Жаз алдында өкмөттө убагында малдарды эмдөөдөн өткөрүү жоопкерчилиги тура турганын кошумчалады. Ал эми Калысбек Жумаканов толук эмдөө көзөмөлдөнүп жатканын айтты.
Аталган комитетте "Ветеринария жөнүндө” мыйзамга өзгөртүү киргизүү мыйзам долбоору каралды.