Парламентте транспорт комитети ар түрдүү маселелерди жабык эшик артында карап жатат

Бүгүн, 28-мартта парламентте Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитети ар түрдүү маселелерди жабык эшик артында карап жатат.

Буга чейин үч мыйзам долбоорун талкуусуз жактырган. Алар: "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" (Электр жана почта байланышы жөнүндө, лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө, телекөрсөтүү жана радиоуктуруу жөнүндө) мыйзам долбоору; "Электр жана почта байланышы жөнүндө" мыйзам долбоору; "Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" мыйзам дорлбоору.

Ал эми күн тартибиндеги "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Жер кодексине, "Шаар куруу жана архитектура жөнүндө") өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" мыйзам долбоору кийинкиге жылдырылды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан