Мындан 4 жыл мурун, 2013-жылы 29-мартта Биринчи Май райондук соту Камчыбек Ташиев менен Садыр Жапаровду 1 жыл 6 айга, Талант Мамытовду 1 жылга эркинен ажыраткан.
Ошол эле жылдын 17-июнунда апелляциялык арызды кароодо Бишкек шаардык сотунун судьялары айыпталуучуларды сот залынан бошоткон. Бирок бул актоону көп узабай Жогорку Сот жокко чыгарган. Акыркы инстанциядагы соттук чечим 6-августта угузулуп, анда Биринчи Май райондук соттун өкүмү күчүндө калтырылган. Ошентип үч депутат 20-августта Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан мандатынан ажыратылган.
Белгилей кетсек, 2012-жылы 3-октябрда "Кумтөр" кенин улутташтыруу максатында тынч митинг өткөрүлүп, андагы аракеттери үчүн "мамлекеттик бийликти басып алууну көздөдү" деп Садыр Жапаров, Камчыбек Ташиев жана Талант Мамытов абакка алынган.
29-мартка карата жылнаама.