"Карамушкинанын Санкт-Петербургда сүйлөгөн сөзүн КСДП фракциясы карап чыгышын сунуштадык", - деп бүгүн, 29-мартта SUPER.KG порталына "Кыргызстан" фракциясынын лидери Алмазбек Баатырбеков билдирди.
Ал КСДП фракциясынын депутаты Ирина Карамушкинанын айткан сөзү фракцияга доо келтирип коюушу мүмкүн экенин айтты.
"Депутаттын айткан сөзү туура эмес болуп калды. Барган депутаттардын баары сүйлөдү. Ал жерде диний-экстремизмге, терроризмге каршы турушубуз зарыл деген сөздөр болду. Карамушкина болсо өзүнүн жеке сөздөрү тууралуу айтып баштады. Чыкканда да айттык, жеке сөздөрүңдү мамлекет арасына чыгарбашың керек деп. Биз эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин депутаттары барып күбө болуп калгандыктан мындай ишти фракциянын ичиндеги депутаттар карап коюшун сунуштадык", - деди ал.
Эске салсак, Карамушкина Фейсбук баракчасына Орусиянын Мамлекеттик Думасынын депутаттары менен жолугушуу учурунда Жогорку Кеңештин депутаттары Каныбек Иманалиев, Максат Сабировдор менен кайым айтышканын жазган. Ал: "Расмий тилде доклад жасоого тыюу салбаш керек десем, мени "орустун шовинисти", "Кремлдин агенти" дегенге чейин барышат. Диний ишенимине карабай "Мамлекеттик кызмат жөнүндө" мыйзамды бузбоого чакырсам, мени мандатымдан ажыратуу боюнча кол топтоп башташты", - дегенин жазган.