"Максим Бакиевдин мүлкүн иликтөөчү комиссиянын ишине тоскоолдуктар жаралып жатат", - деп бүгүн, 30-мартта парламентте "Кыргызстан" фракциясынын депутаты Канат Исаев билдирди.
Ал бул комиссиянын алдын ала жыйынтыктарын бүгүн түштөн кийин кароону сунуштады.
Жогорку Кеңештин төрагасы Чыныбай Турсунбеков мындай маселелерди комитеттердин, комиссиянын чечими боюнча күн тартибине киргизиле турганын билдирди.
Айта кетсек, 18-январда депутат Канат Исаевдин демилгеси менен мурунку президент Курманбек Бакиевдин уулу Максим Бакиевге таандык мүлктөр маселесин иликтөө боюнча депутаттык комиссия түзүлгөн.