Икрамжан Илмиянов Көк бөрү федерациясынын президенти болуп шайланды. Бул тууралуу 1-апрелде Дене тарбия жана спорт агенттиги маалымдады. Федерацияны буга чейин депутат Канат Исаев жетектеп келген. Ал мөөнөтү аяктаганына байланыштуу кызматын тапшырган. Кызматка эки талапкер: Икрамжан Илмиянов менен Бактыбек Раимкулов ат салышып, Илмиянов көп добуш алганы айтылды.
Илмиянов буга чейин президент Алмазбек Атамбаевдин кеңешчиси, президенттик аппараттын жетекчисинин биринчи орун басары кызматтарын аркалаган.