Депутат Тазабек Икрамов: “Үлүш жерин сел алып кеткен жарандар пенсияга чыгуу үчүн айла жоктон төлөмдөрдү төлөп жатат

“Үлүш жерин сел алып кеткен жарандар пенсияга чыгуу үчүн айла жоктон төлөмдөрдү төлөп жатат”, - деп бүгүн, 3-апрелде парламентте Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттыкты сактоо боюнча комитетинин жыйынында “Өнүгүү-прогресс” фракциясынын депутаты Тазабек Икрамов билдирди.

Депутат бул боюнча ага кайрылуулар түшүп жатканын айтты.

“Социалдык фондго айтсак, Өзгөчө кырдаалдар министрлигине айтат. Алар болсо башкаларга шылтайт. Элдин көйгөйүн чечүү керек”, - деди ал.

Ошол учурда социалдык фонддун төрагасы Теңизбек Абжапаров: “Дыйкандардын жерин сел алып кетсе, мыйзамда каралган ошол жылга райондук комиссия түзүлүп, чечим менен жапа чеккен жери төлөмдөн бошотулат”, - деди.

Аталган комитетте “Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө” мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү мыйзам долбоору каралды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан