Депутат Бакирдин Субанбеков Кыргызды терроризмден Кудай гана сактап жатканын айтты

Парламентте 5-апрелде депутат Бакирдин Субанбеков УКМКнын жетекчисинин орун басары Рустам Мамасадыковдон Санкт-Петербургдагы жардырууга шектелген адам тууралуу сурады.

“Жардырууга шектелген адам Кыргыз жараны деп маалымат тарады. Мамлекеттин кадыр-баркы үчүн алдын ала Кыргыз жараны эмес деген маалымат берсеңер болбойт беле?” - деди депутат.

Рустам Мамасадыков: “Кыргыз мамлекетинде төрөлгөнү такталды. Бирок 16 жашка чыкканда Орусиянын жарандыгын алган. Биздин мекеменин басма сөз катчысы тийиштүү маалыматтарды берип жатат. Биздин айрым ММКлар маалыматты туура эмес берип койгон учурлар болууда. Учурда бул боюнча тийиштүү иш-чаралар жүрүүдө”, - деди.

Субанбеков эл көп чогулган жерлерге көңүл буруу керектигин эскертти.

“Нооруз майрамында 20 миңге жакын адам ипподромго чогулду. Алар кашаадан ашып кирип жатышты, колдорунда эмне бар экенин Кудай билет. Бизди Кудай сактап жатат. Мындай нерселерден сактануу керек”, - деп кошумчалады депутат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан