Мындан 72 жыл мурун, 1945-жылы 12-апрелде Американын президенттик постуна 4 ирет катары менен шайланган Франклин Рузвельт каза болгон. Ал 1882-жылы 30-январда АКШнын Нью-Йорк штатындагы Гайд-Парк шаарында жарык дүйнөгө келген.
1910-жылы АКШнын Демократиялык партиясынан сунуш түшүп, Франклин Рузвельт өзү жашаган административдик аймакта Нью-Йорктун мыйзам чыгаруучу органына сенатор катары талапкерлигин койгон. Натыйжада жеңишке жетишип, кийинчерээк президенттин администрациясына министрдин жардамчысы болуп калат. Ал эми 1914-жылы АКШнын Конгрессинин сенаторлук ордуна ээ болуу үчүн аракет кылып, бирок ишке ашпай калган. 1928-жылы Нью-Йорктун губернатору болуп шайланып, Ак үйгө жол ачылат. Губернаторлук постто 2 мөөнөт шайлануу менен Франклин Рузвельт президент болууга керек боло турган баалуу тажрыйбага ээ боло алат. 1931-жылы экономикалык кризис күчөп турган маалда ал штатта жумушсуздардын үй-бүлөсүнө жардам көрсөтүү боюнча өзгөчө кырдаалдагы Убактылуу администрацияны түзөт. Анын топтогон тажрыйбасы 1933-жылы президенттик тактыга жетүүгө жардам берип, ал 4 ирет бийлик башына шайланган.
Президенттиктин алгачкы 100 күнүндө эле кризистин сазына батып турган АКШны жандантуу үчүн бир катар зарыл программаларды камтыган "Жаңы багыт" планын иштеп чыгууга жетишкен. Алгач банк системин калыбына келтирип, жумушсуздар менен ачкачылык чеңгелиндегилерге жардам берүүнү колго алган. Айыл чарба менен өндүрүш тармагына көп көңүл бурган. Тышкы саясатты өтө аяр, сак жүргүзгөн. II Дүйнөлүк согуштун чыгышы менен ал курал-жарак өндүрүүнү жана сатууну алдынкы орунга коюп, Англия менен Францияга тымызын жардам бере баштаган.
12-апрелге карата жылнаама.