Жогорку Кеңеште дыйкандарга 7 пайыздык төлөм менен насыя берүү мыйзам долбоору жактырылды

Бүгүн, 12-апрелде Жогорку Кеңеште дыйкандарга 7 пайыздык төлөм менен насыя берүү мыйзам долбоору үчүнчү окууда жактырылды.

“Кыргыз Республикасынын айыл чарбасын өнүктүрүү жөнүндө” мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоорун 85 депутат колдосо, 32си каршы болду. Анда айыл чарба өндүрүүчүлөрүнө 7 пайыздык төлөм менен насыя берүү каралган.

Демилгечилер "Республика - Ата Журт" фракциясынын депутаттары. Талкуу учурунда айрым депутаттар каршы чыгышкан. "Ата Мекен" фракциясынын депутаты Сайдулла Нышанов дыйкандар 9-10 пайыздык төлөм менен насыя ала албай жатканын айтып, 7 пайыздык төлөм менен насыя берилет деп элди алдабоого чакырган. Ал эми "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынын депутаты Зиядин Жамалдинов дыйкандарга башка жол менен жардам берүү керектигине токтолгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан