Бүгүн, 12-апрелде парламентте КТРКнын байкоочу кеңешинин төрайымы Жылдыз Бакашова коомдук канал кээ бир учурда бейтараптуулукту сактабаганын айтты.
"Ата Мекен" фракциясынын депутаты Аида Салянова: "2010-жылы бийлик алмашууда нааразы элдин бирден-бир талабы чындык, акыйкаттык болгон. Так ошол себептен коомдук деген ат кошулган. Тилекке каршы, аты өзгөрүлгөнү менен заты өзгөргөн жок. Ошол коомдук кыла турган байкоочу кеңеш эле. Менин оюмча, силер ал вазыйпаны аткара алган жоксуңар. Бир тараптуу маалымат берилип жатат. Жалаң жалгандарды берип жатасыңар, позицияңарды билдиргенге эмне тоскоолдук болду?" - деп сурады.
Жылдыз Бакашова КТРК жөнүндөгү мыйзамга байкоочу кеңештин ролун жогорулатуу боюнча толуктоолор керек экенине токтолду. "Каналда кээ бир учурда бейтараптуулук сакталбай жатты. Бул маселе көтөрүлүп протокол иретинде жетекчиге айтканбыз. Эми жаңы келе турган кеңештин түзүмү күчтүү иш алып барат деп ишенебиз", - деп жооп берди.
Ошол учурда Салянова Коомдук каналдын жетекчилигине таасир эте ала албаган соң байкоочу кеңештин эмне кереги бар деген суроо жарала турганын кошумчалады.
Аталган фракциянын депутаты Каныбек Иманалиев КТРК тууралуу мыйзамдын автору катары байкоочу кеңешке "2" деген баа коё турганын билдирди. "Канал калыстыктан тайганда байкоочу кеңештин бир дагы мүчөсү өздөрүнүн сөздөрүн айткан жок" деп нааразы болду.