Бүгүн, 12-апрелде парламентте "Ата Мекен" фракциясынын депутаты Аида Салянова КТРКнын директору Илим Карыпбековго эркектик сапатты сактоо керек экенин айтты. "Саясий окуяларды оңдой албасаңыз дагы эркектик сапатты сактаңыз", - деди ал.
Илим Карыпбеков жалган маалымат тараттыңар деп бир дагы расмий кайрылуу болбогонун билдирди.
"Мен эркекмин, ар бир сөзүм, кадамым үчүн жооп берем", - деди ал.
Ошол учурда Жогорку Кеңештин төрагасы Чыныбай Турсунбеков Салянованы мындай сөз айтпоого жана башкаларды сыйлоого чакырды. Салянова: "Бул сөздү айтпайт элем. Мен кызматтан кетердин алдында Илим Карыпбеков бал сөздөрүн айткан. Кызматтан кетерим менен өзүнө тиешелүү гезитинде мени жамандап жазышты", - деди.