Жанар Акаев Бишкекте мүрзөлөрдүн сатылышы боюнча маселеге өкмөттү реакция кылууга чакырды

Эркин депутат Жанар Акаев Бишкек шаарында мүрзөлөрдүн сатылышы боюнча маалыматка өкмөттү реакция кылууга чакырды. Бул тууралуу ал бүгүн, 13-апрелде парламентте билдирди.

Эл өкүлү гезиттердин биринде Бишкек шаарында мүрзөлөрдүн кандайча жол менен сатылып жатканы тууралуу макала жазылганын айтты.

"Мүрзөлөр өтө кымбат баада болуп, коррупциялык элементтерге жол берилип жатканы жазылыптыр. Өкмөт реакция кылыш керек. Анткени окурмандарда "биз өлгөнчө эле эмес, өлгөндөн кийин дагы коррупциядан кутулбайт" экенбиз деген маанай калыптанып жатат", - деди депутат.

Мындан тышкары Жанар Акаев "Жаштар платформасы" аталышындагы иш-чарада жаштар сунуштаган долбоорлорго олуттуу көңүл бурууну сунуштады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан