Кыргыз Республикасынын Стамбулдагы Башкы консулдугун Эркин Сопоков жетектейт. Маалыматты бүгүн, 13-апрелде SUPER.KG порталына Жогорку Кеӊештин тармактык комитетинен билдиришти.
Сопоковдун талапкерлигин тармактык комитет жактырды. Эми аны кызматка дайындоо жөнүндө буйрукка президент Алмазбек Атамбаевдин кол коюшу күтүлүүдө.
Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Айымкан Кулукеева бул кызмат 2016-жылдын 24-февралынан бери бош экенин айтты. "Бирок консулдуктагы орун басарлар, өкүлдөр жетекчинин милдетин аткарып келишти", - деди ал .
Эркин Сопоков эмгек жолун 1984-жылы "Кадамжай" совхозунда жумушчу катары баштаган.
1985-1989-жылдары "Кыргыз өлкөсүнүн 60 жылдыгы" совхозунда айдоочу.
1989-1991-жылдары мал союучу жайдагы от жагуучулардын окутуучусу.
1998-жылы Ташкенттеги Ислам институтун аяктап, "Кыргызавтомаш" ишканасында айдоочу. Аталган ишканада Алмазбек Атамбаевдин жеке айдоочусу болгон деген маалыматтар айтылды.
Ички иштер министрлигинде, Мамлекеттик салык инспекциясында да эмгектенген.