Бүгүн, 13-апрелде КСДП фракциясынын депутаты Анвар Артыков 2010-жылы болгон мародёрлукту иликтеген комиссиянын жыйынтыктары тууралуу отчёт берди.
Депутат 2010-жылы болгон мародёрлук, банктык ячейкаларды талап-тоноо фактылары боюнча иликтөө жүргөндүгүн айтып төмөнкүлөргө токтолду.
"Депутаттык комиссия Өмүрбек Текебаев, Райкан Төлөгөнов, Болот Шер, Туратбек Мадылбековдун 2010-жылы 7-9-апрелдеги талап-тоноолорго катышуу маселесин иликтеди. Жыйынтыгында убактылуу депутаттык комиссия алардын байланышы тастыкталды деген пикирге келди", - дейт Анвар Артыков.
Белгилүү болгондой, тыянак чыгарууда Бишкек шаарындагы №1-СИЗОдогу айрым жарандардын көрсөтмөлөрүн тиркелген.
Депутаттык комиссиянын отчётунда "талап-тоноолор боюнча маселенин логикалык жактан аягына жеткирилбегенине кызыкдар адамдар болгон" деп айтылат.
"2010-жылы тергөө тобун Кубатбек Ноорузбаев жетектеген. Ал тергөө баштала электе эле маалымат жыйын өткөрүп мародёрлукка "Ата Мекен" партиясынын депутаттарынын тиешеси жок деген. Ал ата мекенчилерге карата куугунтуктоону токтотуу боюнча 4 токтомго кол койгон. Кылмыш ишин тергөөдө бир катар укук коргоо органдарынын жетекчилери колдоого алган эмес" деп жазылат депутаттык комиссиянын отчётунда.