Бүгүн, 13-апрелде Жогорку Кеӊеште 2010-жылы болгон мародёрлук, банктык ячейкаларды талап-тоноо, “Альфа-Телеком” ЖАКын (Мегаком), “Бишкек мунайзат компаниясы”, “Дастан” ишканасы, “Азия Универсал Банк”, “Кыргыз көмүр” ишканасын улутташтырылган объектилерди сатууга тиешелүү жана “Кыргызтелекомдун” интернет-кызмат көрсөтүүлөрү үчүн тарифтерди негизсиз жогорулатуу келишимдерин иликтеген депутаттык комиссия отчётун берип жатат.
Жыйынга каралган маселеге тийиштүү мамлекеттик органдардын жетекчилери, ошондой эле чакырылган кызмат адамдары катышууда. Анвар Артыков депутаттык комиссиянын иликтөөсүнүн жыйынтыгын окуп берди.
Мегакомду улутташтырууда мыйзам бузуу фактыларын иликтеген депутаттык комиссия төмөнкүлөрдү билдирди.
"Альфа-Телекомдун" акцияларынын 100 пайызы Алексей Елисеевге (Максим Бакиевге) таандык болгонуна карабастан, Убактылуу Өкмөттүн чечими менен акциялардын 49 пайызы улутташтырылган. Ошол эле учурда Башкы прокуратуранын тергөө тобунун токтому менен "Альфа-Телекомдун" калган 51 пайыз акциялары камакка алынган. Башкаруу укугу менен жооптуу сактоочу болуп Раушан Рыкунова дайындалган. 50 пайыз Southfield Management Inc оффшордук компаниясы (Белиз), 1 пайыз Жаңы Зеландиялык оффшордук компанияныкы болгон. Башынан эле акциялардын 51 пайызын сатуу объекти болгон. УКМКнын акыркы маалыматы жана күбөлөрдүн көрсөтмөсү боюнча "Альфа-Телеком" Леонид Маевскийге сатууга убада кылган. Ал 1 миллион доллар бергенден кийин компанияны башкарууга киришмек.
Андан кийин келишим боюнча 10-15 пайызын берүү жөнүндө кошумча талаптар коюлган, ушуга байланыштуу келишим түзүлбөй калган. Компанияны башкаруу Penwell Business Ltd. компаниясына берилгендигин эске алганда, бул компаниянын сунушу Леонид Маевскийдикине караганда көбүрөөк тартымдуу болсо керек деген тыянак жасоого болот. Ар кандай маалыматтар боюнча бул жерде кеп "Ата Мекен" партиясынын жана башкалардын шайлоо алдындагы өнөктүгүн ири финансылоо тууралуу бара жатат. Комиссия бул версияны тийиштүү укук коргоо органдары иликтөөгө тийиш деп эсептейт.
УКМКнын Белиз мамлекетинин расмий органдарынан алынган маалыматтары боюнча "Альфа-Телеком" боюнча долбоорлордун афёралуулугу бар. Бул маселе боюнча берилген документтердин аныктыгын текшерүүгө комиссиянын мүмкүндүгү болгон жок. Бүгүнкү күндө Өмүрбек Текебаевге карата "алдамчылык" жана "коррупция" беренелери боюнча кылмыш иши козголгондугун эске алып, комиссия укук коргоо органдарына "Альфа-Телеком" менен байланышкан бардык махинацияларды бир кыйла терең жана фронталдык текшерүүнү сунуштайт.