Бишкекте 14-апрелде Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жыйыны өтүүдө.
Алмазбек Атамбаев тар чөйрөдөгү сүйлөшүүдө бир катар чечимдер кабыл алынганын билдирди. Алардын бири - Молдовага ЕАЭБге байкоочу статусун берүү чечими. Уюмга быйыл Кыргыз мамлекети төрагалык кылып жатканын белгилеген президент Альянстын алкагында дагы эле чечилбеген маселелер бар экенин айтты. ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдө иштеп жаткан жарандарды пенсиялык камсыздоо, энергетикалык маселер бар экенин кошумчалады.
Белгилей кетсек, отурумга Кыргыз Республикасынын президенти Алмазбек Атамбаев, Орусиянын президенти Владимир Путин, Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев, Армениянын президенти Серж Саргсян, Беларустун президенти Александр Лукашенко катышууда.