Жогорку Кеңештин "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынын депутаты Зиядин Жамалдинов дыйкандарга насыяны берүүдө кайтаруу мөөнөтүн узартуу керектигин айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 14-апрелде парламентте журналисттер менен жолугушууда билдирди.
"Польша Кыргыз өлкөсүнө насыяны 25 жылга берип жатса, өкмөт бул насыяны дыйкандарга 7 жылга бергени жатат. Дыйкандар үчүн бул мөөнөт аз болгондуктан кыйналып калышат. Мөөнөтүн 15 жылга узартуу керек", - деди Жамалдинов.
Депутат Акылбек Жапаров насыянын мөөнөтүн 10 жылга узартса боло турганын белгиледи. Бирок ал дыйкандарга евро менен насыя алууну сунуштабай турганын эскертти.
Эске салсак, Польшадан 40 миллион евро насыя алуу боюнча макулдашуу токтому Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы боюнча комитетинде колдоо тапкан.