Түркияда Конституцияны өзгөртүү боюнча референдум өтүп, жарандардын көбү Конституциялык реформаны колдоду. Бул тууралуу чет өлкөлүк басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматтарга ылайык, бюллетендердин 99,45 пайызын эсептөөнүн натыйжасында Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүүгө шайлоочулардын 51,37 пайызы "макул", 48,63 пайызы "каршы" деп добуш беришти.
"Конституциялык реформа президенттин ыйгарым укуктарын кеңейтмекчи. Өкмөттү президент өзү башкарып калат: премьер-министр кызматы жоюлат, бирок вице-президенттер кызматтары түзүлөт, президент өкмөт мүчөлөрүн өзү дайындайт. Мындан тышкары президент мыйзам чыгаруу демилге укугуна, парламентти жоюу укугуна ээ болот. Конституцияга өзгөртүү киргизүү боюнча долбооруна ылайык, президенттик жана парламенттик шайлоолор 2019-жылдын 3-ноябрында өтмөкчү. 2014-жылдан тарта президент болуп иштеп жаткан Режеп Тайип Эрдоган 2019-жылы жана 2024-жылы президенттик шайлоолорго катыша алат", - деп жазышат басылмалар.