Премьер-министр Сооронбай Жээнбековдун кызматтан кетер-кетпесин депутаттар чечишет. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин спикери Чыныбай Турсунбеков Бишкектеги Ботаникалык бактагы ишембилик учурунда билдирди.
Анын айтымында, келерки аптада парламент өкмөттүн жылдык отчётун угат. "Бардыгы өкмөттүн отчётуна байланыштуу болот. Эгер отчёт депутаттарга жакса, бул өкмөттүн мындан ары иштеп калуу мүмкүнчүлүгү бар", - деди Турсунбеков.
Айта кетсек, Сооронбай Жээнбеков 2016-жылы апрелде өкмөт башчы болуп шайланган.