КСДП фракциясынын депутаты Асылбек Жээнбеков 20 миңден ашык калк жашаган жерди корук кылуу келесоолук экенин айтты. Бул тууралуу депутат бүгүн, 17-апрелде Жогорку Кеңеште Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин жыйынында билдирди.
Ал "Дашман" коругун түзгөнгө жол берген Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой-чарба мамлекеттик агенттигинин жетекчилери жоопко тартылыш керек экенин билдирди.
"Ошол катаны кетиргениңерди моюнга алып, эми жаратылыш паркы деген статус берүү боюнча чечимге макул болуп суранып жатасыңар. Баарына белгилүү болгондой, 20 миңден ашык калк жашаган жерди корук кылуу туура эмес.Калк жашабаган жерлерди корук кылса болот. Агенттик мамлекетке зыян келтирди. Канча каражат, канча элдин тынчы кетти? Жергиликтүү калк нааразы болуп жатат. Ошол маалда иштеген жетекчилер жооп бериши керек", - деп эл өкүлү агенттиктин директорунун орун басары Нурлан Жумаевге айтты.
Нурлан Жумаев ошол учурда бул кызматта иштебегенин билдирди.
Жыйынтыгында "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынын депутаты Мирлан Бакировдун "Дашман" коругуна жаратылыш паркы деген статус берүү сунушу колдоо тапты.