Алмазбек Атамбаев Ирандын тышкы иштер министри менен жолугушту

Президент Алмазбек Атамбаев Ирандын тышкы иштер министри Мохаммад Жавад Зариф менен жолугушту. Бул тууралуу 19-апрелде президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушууда Кыргыз-Иран кызматташтыгындагы актуалдуу маселелер талкууланды. Ошону менен бирге саясий диалогду өнүктүрүүнүн маанилүүлүгү белгиленди. Мындан сырткары банк тармагында иштешүү, инфраструктура жана курулуш, инвестиция жана соода-сатык жаатында биргелешип иш алып баруу каралды.

Ошондой эле жогорку деӊгээлде өз ара визиттердин болушу жана алардын артынан эки тараптуу байланыштардын жандануусу Кыргыз менен Ирандын ортосундагы өз ара алака-катыштардын жаңы этабынын күбөсү болуу менен, аларды ишке ашыруу үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачары айтылды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан