Бүгүн, 19-апрелде Ак үйдүн алдына Садыр Жапаровдун камакка алынган тарапташтарынын энелери митингге чыгышты. Бул тууралуу SUPER.KG порталына митингдин катышуучусу, Садыр Жапаровдун жубайы Айгүл Асанбаева билдирди.
Анын айтымында, митинг “Энелер үнү” деп аталып, ага 40ка жакын адам катышты. “Камалган 12 баланын энелери чогулду. "Мыйзамсыз, ур-токмок менен алынган балдарды бошоткула" деген кайрылуу жасадык. Эми эртең кайрылууну президентке, Жогорку Кеңештин төрагасына, депутаттарына жолдойбуз”, - деди Асанбаева.
Эске салсак, 25-мартта Жогорку Кеңештин экс-депутаты Садыр Жапаров Казакстандан Кыргыз мамлекетине киргенде аны чек арадан УКМКнын кызматкерлери кармап кетишкен. Ал "Бейбаштык", "бийлик өкүлүнө карата зордук-зомбулук көрсөтүү", "барымтага алуу" жана башка беренелер боюнча айыпталган. УКМКнын алдында Жапаровду колдоо митингинде анын 12 тарапташын күч органдары "бейбаштык", "милиция кызматкерине кол көтөрүү", "бирөөнүн мүлкүн сындыруу" беренелеринин негизинде кармаган. Биринчи Май райондук соту аларды 2 айга камакка алуу чечимин чыгарган. Кийин бул чечимди Бишкек шаардык соту күчүндө калтырган.