ЖЫЛНААМА, 20-АПРЕЛЬ: 128 жыл мурун Германиянын белгилүү саясий лидери Адольф Гитлер төрөлгөн

Мындан 128 жыл мурун, 1889-жылы 20-апрелде Экинчи дүйнөлүк согуштун башкы уюштуруучусу, Үчүнчү Рейхтин башчысы Адольф Гитлер Австриянын Браунау-на-Инне шаарчасында бажы чиновнигинин үй-бүлөсүндө туулган. Орто мектепти аяктагандан соң Вена көркөм академиясына эки жолу тапшырган, бирок анысы ийгиликсиз болгон. 1914-жылы Бавария армиясына ыктыярчылардын катарына полктун байланышчысы болуп кирген. Батыш фронтто төрт жыл болуп, эки жолу жаракат алган, ошентип каармандыгы үчүн 1-2-класстагы Темир Крест менен сыйланган жана ефрейтор наамын алган.
Адольф Гитлер согуштан кайтып келгендин кийин 1919-жылы Мюнхенде "Немис жумушчу партиясына" кирет. Кийин аны башкарууну өз колуна алганда ал партиянын атын "Улуттук-социалисттик Германиянын жумушчу партиясы" деп өзгөртөт. 1923-жылы 8-9-ноябрда Мюнхенде төңкөрүш жасоону баштап, өз партиясынын бийлигин бүт Германияга орнотуу үчүн Берлинге аттанууну көздөгөн. Бирок козголоңчулардын аракети ишке ашпай, 9 улутчу каза болгон. Адольф Гитлер кармалып, 5 жылга кесилип, Ландсберг түрмөсүндө бир жыл отурган. Ошол учурда ал өзүнүн "Менин күрөшүм" аттуу мемуарын жазып, анысы улутчул-социалисттик кыймылдын "Библиясы" болуп калган. Фюрер дүйнөгө үстөмдүк кылуу боюнча “улуу германиялык раса” теориясын жазган. Төмөнкү еврей расасы Германия элинин душман катары көрүлүп, аларды жок кылынууга тийиштигин айткан.
1933-жылы 30-январда Гинденбургдун президенти Адольф Гитлерди эң ири партиянын лидери катары Рейхстагда канцлер кылып дайындаган. Ошентип 1934-жылдын 2-августуна чейин өзүнүн пландарын ишке ашырып отуруп, президенттин өлүмүнөн соң Адольф Гитлер канцлер менен президенттик постту бириктирип бийликти колго алган. Башкы бийлик ага фюрер титулун берип, ал бүткүл Германиянын башчысы болгон. Адольф Гитлер Германиянын ремилитаризациялоосун ишке ашырып, Рейхстагдан өзгөчө тапшырма алып, согушка даярдана баштаган. Германияда тоталитардык режим орногон.
1935-жылы Версаль келишиминдеги курал чыгарууга коюлган чектөөлөрдөн баш тартып, аскердик авиация, суу астындагы флот, линкор түзө баштаган. 1939-жылы, 23-августта СССР менен кол салбоо боюнча келишим түзүлүп, анда эки тоталитардык империянын арасындагы Чыгыш Европанын айрым өлкөлөрү жана Польша бөлүктөрү да каралган. Англия, Франция 3-сентябрда Германияга согуш ачкан, бирок Батыш фронтто анча деле активдүү аракеттерди жүргүзүшкөн эмес. 1940-жылы Фюрер Францияны талкалаган, 1941-жылы 22-июнда Советтер Союзуна кол салган. Ушундан кийин массалык түрдө улутчулдар еврейлерди кыра баштаган. Каза болгондордун саны 6 миллионго чейин жеткен.
1945-жылы Рейхтин абалы өтө начарлап калгандыктан Адольф Гитлер Берлинде калып, советтик аскерлер рейхканцеларияга бут койгондо өзүнүн жанын кыюуну ойлогон. Ал 1945-жылы 30-апрелде аялы Ева Браун менен чогуу өзүн атып өлгөн. Адольф Гитлердин керээзи боюнча, аялы Ева Браун экөөнүн сөөгү өрттөлгөн. Алардын сөөгүнүн күлү “Смерш” офицерлери тарабынан табылып, 1970-жылдары түп орду менен жоготулган.

20-апрелге карата жылнаама.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан