Кыргыз жерине 2016-жылы чет жерден 654 миллион доллар инвестиция келди. Бул тууралуу 24-апрелде парламентте экономика министри Арзыбек Кожошов билдирди. Бул сумма 2015-жылга салыштырмалуу 58 пайызга аз, 2015-жылы өлкөгө сырттан 1 миллиард доллардан ашык инвестиция келген. Сырттан келген инвестиция эмне себептен азайып кеткенин министр түшүндүрүүгө аракет кылды.
"2015-жылы Жогорку Нарын ГЭСтер каскады өңдүү бир топ ири долбоорлорго акчалар алынган. Ушунун эсебинен ал жылы инвестициянын суммасы өсүп кеткен. Ал эми туруктуу көрсөткүчтү караганда, жылына 500-600 миллион доллардын тегерегинде эле инвестиция келет", - деди экономика министри.
Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы, Экономикалык жана фискалдык саясат комитеттери бүгүн өкмөттүн 2016-жылкы иши жөнүндө отчётун угууда. Комитет отурумуна вице-премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев баштаган өкмөт мүчөлөрү, өкмөттүк түзүмдөгү мекемелердин жетекчилери катышып жатышат. Өкмөттүн жылдык ишин буга чейин парламенттеги башкаруучу коалиция менен "Республика - Ата Журт" фракциясы "канааттандырарлык" деп тапса, "Ата Мекен" фракциясы "канааттандырарлык эмес" деп баалаган.