Эгерде фейсбукка ишене турган болсок, 2022-жылы смартфондор акырындык менен колдонуудан чыга баштайт. Алардын ордуна ыңгайлуу жана жеткиликтүү көз айнектер иштелип чыгарылат. Мындай маалыматты Facebook компаниясына таандык Oculus Research компаниясынын илимий жетекчиси Майкл Абраш АКШнын Калифорния штатындагы Сан-Хосе шаарында өткөн F8 өнөр жай конференциясында билдирди.
"Мен алдын ала айта турган болсом, 20-30 жылдан кийин смартфондун ордуна, саркеч көз айнектерди тагынып калабыз", - деген жетекчи.
Учурда компания бул планды жүзөгө ашыруу үчүн иштеп жатат. Бул көз айнек кадимки көз айнектен салмагынын жеңилдиги, стили менен айырмаланат. Эң башкысы мындай көз айнекте котормочу системи бар. Ал бир тилдеги текстти бир нече тилге которо алат. Ошондой эле ар кандай математикалык операцияларды жүргүзө алат. Жадакалса интернет булактарында издөө жүргүзүп, социалдык тармактарга да кирсе болот. Жалпысынан көз айнекти сиздин жумушуңузга да, көңүл ачууга да колдоно турган кадимки мобилдик телефондун жүзүңүзгө таккан түрү деп эсептесеңиз болот.