Америкалык туристтерди алып бара жаткан тик учак Афинанын түштүгүндө деңизге кулап түштү. Бул тууралуу Грециянын коомдук телеканалы ERTnews билдирди.
Жеке тик учак Вулиагменидеги төрт америкалыкты Миконос аралына алып бармак. Бирок учкандан бир нече секунддан кийин кулап түшкөн. Учкучтун көрсөтмөсү менен жүргүнчүлөр тик учактан өз алдынча чыгышты, бардыгы аман-эсен. Туристтер медициналык жардамдан баш тартышты.
Телеканал тергөө иштери жүрүп жатканын кошумчалады.