Иран өзөктүк келишимге кол коюуга даяр 

Ирандын тышкы иштер министри Аббас Арагчи Иран өзөктүк куралга ээ болбоо боюнча келишимге кол коюуга даяр экенин айтты. Бул тууралууу IRNA мамлекеттик маалымат агенттиги билдирди.

"Биз Ирандын өзөктүк куралына ээ болбошуна кепилдик бере турган бардык келишимдерге даярбыз, анткени биздин принцип боюнча өзөктүк куралга тыюу салынган. Бирок максат Иранды өзөктүк укугунан ажыратуу болсо, анда, албетте, биз мындай келишимге даяр эмеспиз",- деди министр 15-июнда элчилер менен жолугушууда.

Израилдин соккусунан кийин Иран 15-июнга пландалган өзөктүк келишим боюнча АКШ менен сүйлөшүүлөрдүн алтынчы айлампасын өткөрүүдөн баш тартты. Аббас Арагчи сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө АКШ кабыл алынгыс сунуштарды киргизгенин, ал эми Иран келишимге алып келе турган планын 15-июнда сунуштаганын белгиледи.

Израил өлкөнүн өзөктүк жана аскердик объекттерин жок кылууну көздөп, 13-июндан тарта Иранга абадан сокку ура баштаган. Иран буга жооп кылып Израилдин аймагына ракеталар жана учкучсуз учактар ​​менен сокку урду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан