Кыргыз жеринде элдин 80 пайызы электр энергиясын 700 киловатт-сааттан ашык пайдаланбайт. Бул тууралуу 27-апрелде парламентте премьер-министр Сооронбай Жээнбеков билдирип, 700 киловаттык лимитти 1000 киловаттка көтөрүү сунуштары көп түшүп жатканын айтты.
Электр энергиясынын тарифтери жаатында атайын программа даярдалганын, сунуштар эске алынарын кошумчалады. "Нарында, Токтогулда жана башка тоолуу аймактын жашоочулары лимитти 1000 киловаттка көтөрүп бергиле деп жатышат. Бирок элдин 80 пайызы 700 киловаттан ашпайт. 20 пайызы гана колдонот, алар колунда бар адамдар", - дейт премьер.
Маалыматка таянсак, 2016-жылы электр энергиясынын өздүк наркы 45 тыйын деп белгиленген.
Бүгүнкү күндө жарандар 700 киловатт-саатка чейин пайдаланган электр энергиясы үчүн 77 тыйындан (ар бир киловатт-саатына), 700 киловатт-сааттан ашкандан кийин 2 сом 16 тыйындан төлөйт.