(ред. IOSA - IATA Operational Safety Audit, кырг. «Аба каттамынын коопсуздугу боюнча IATA эксплуатациялык аудити»)
“Учуу - ар бир адамдын укугу” – мындай пикирин ата мекендик “Эйр Манас” авиакомпаниясы бекем карманат. Мындан сырткары адамдын өмүрү кандай бизнес стратегия болбосун андан кымбат турат, андыктан учуу коопсуз болушу керек экенин терең түшүнөт. “Эйр Манас” аба каттамдарын жеткиликтүү жана пайдалуу гана кылбастан, каттамдардын коопсуздугун камсыздоо боюнча алдынкы эл аралык стандарттарга ылайык кылууга умтулуп, IOSA эл аралык аудитин өттү. Аккредитациядан өткөн эл аралык аудиторлор “Эйр Манас” авиакомпаниясынын өндүрүштүк процесстери IATA ассоциациясынын стандарттарына жана практикасындагы сунуштамаларына ылайык келе тургандыгын текшеришти.
IOSA аудитинин авиакомпания үчүн өзгөчөлүгү эмнеде?
IOSA учуу коопсуздугунун эксплуатациялык аудити – бул авиакомпаниянын каттамдарын көзөмөлдөөсүн жана ички эксплуатациялык системдеринин башкаруусун баалаган эл аралык макулдашылган программа. Жөнөкөйлөтүп айтканда, бул аудит авиакомпаниянын өндүрүштүк ишинин көз карандысыздыгын баалоо жана бардык тарабынан текшерилгенин көрсөтүп турат. Айрыкча тиешелүү документалдык каттоонун жана өндүрүмдүүлүктүн сегиз багыты боюнча IATA ассоциациясынын 950дөн ашуун стандарттык жана парктикалык сунуштарынын практика жүзүндө ишке ашышын текшерет:
Бул жөнөкөй кабинеттеги изилдөө эмес, аба жүргүнчүлөрүнүн коопсуздугун эл аралык стандарттарга ылайыктыгын чыныгы практикалык жана көрсөтмөлүү текшерүү.
“Эйр Манас” авиакомпаниясынын башкы директору Талгат Нурбаев белгилегендей:
“IOSA эл аралык аудитинен өтүү авиакомпаниянын тейлөөсү жогорку деңгээлде өскөнүнөн кабар берет. Ошондой эле учуу коопсуздугу камсыздалганынын көрсөткүчү болуп эсептелет. Эл аралык деңгээлде коопсуз ишмердүүлүктүн таанылуусу авиакомпания үчүн ички да, сырткы да рынокто башка статусту кепилдендирет. Бардык эле авиажеткирүүчүлөргө IOSA аудитинин процедурасы жеткиликтүү эмес. Ал каржы жана материалдык салымды талап кылган, узакка созулчу, көп эмгек керектелчү процесс. Бул команданын бекемдүүлүгүн, ынтымактуулугун, тилектердин олуттуулугун, жоопкерчиликтүү милдетти жана учуулардын белгиленген жогорку коопсуздуктун деңгээлин бир окуядан экинчи окуяга чейин эмес, ар дайым, ар бир күнү камсыздоону текшерүүчү чыныгы сыноо. Учуулардын коопсуздугун ар дайым, ар бир күнү камсыздоо керек, анткени бул бир убакта өтүп кетчү акция эмес, андан эки жыл сайын өтүп туруу керек”.
Чынында IOSA программасы – системдикте жана системалуулукта өзүнүн артыкчылыгын көрсөткөн, дүйнөлүк авиациялык индустрияда алдынкы практика. Системдик мамиле кылуу ыкмасына таянуу менен IOSA программасы мониторинг жүргүзүүгө жана учуу коопсуздугун анализдөөгө мүмкүнчүлүк түзөт. Муну менен компаниянын структураларын жана бөлүмдөрүн бир кылат, өз кезегинде ал компаниянын ичиндеги учуу коопсуздугун камсыздоо үчүн гана эмес, анын жеткирип берүүчү, жалданма уюмдары жана өнөктөрү менен бирге жүргүзгөн ишмердүүлүгү үчүн да өтө маанилүү.
Келип чыккан кемчиликтерди жана алардын процесс учурунда пайда болушун алдын алуучу -аракеттерди өз убагында аткаруу үчүн маалымат алмашуу системасы каралган. Анын үстүнө IOSA стандарттары процесстерди деталдаштырууда жана адамдык фактордун таасиринин тобокелдигин минималдаштырууда көңүл коюуну талап кылат. Учууну ишке ашыруучу ар бир катышуучунун кыймыл-аракети бардык майда-чүйдөсү менен сүрөттөлөт, бул өз кезегинде учууну ишке ашыруу коопсуздугунун деталдаштырылган технологиясы тууралуу айтууга негиз.
Ошону менен IOSA эксплуатациялык аудити дүйнө жүзү боюнча 400дөн ашуун авиакомпанияга эксплуатация коопсуздугун гана эмес, каржы-коммерциялык көрсөткүчтү да жогорулатканга жардам берген. Башка авиакомпаниялар менен биргеликте каттамдарды аткарууга келишим түзүү менен жүргүнчүлөрдүн санын жана учуулардын географиясын көбөйтүү мүмкүнчүлүгү түзүлөт. Өнөктөр жүргүнчүлөрүн башка авиакомпанияга берип жатып, аларга коопсуздук менен тийиштүү тейлөө камсыздалып, аман-эсен барчу жерлерине жетишерине ишенүү керек, текшерүүдөн кийин эки тараптуу керектүү аудиттердин саны азаят.
IOSA сертификациясын ийгиликтүү өтүү маршруттук түйүндү кеңейтүүгө коммерциялык артыкчылык берет, ал компаниянын туруктуу өнүгүшүнө маанилүү. Мындан тышкары учактарды жаңылоого мүмкүнчүлүк түзүлүп, учактарды камсыздандырууга жана алардын лизингине чыгымдар бир топ кыскарат, акыры эки тарапка тең кирешелүү баа саясатын иштеп чыгуу даремети жаңыртылат.
Дагы бир кыйла маанилүү фактор – IOSA ийгиликтүү сертификациясы ата мекендик авиакомпанияларды Европа биримдигиндеги “кара тизмеден” чыгарууга бир кадам. Муну менен пайданы авиакомпания эле эмес, жалпысынан өлкө алып жатат, айрыкча анын жөнөкөй жашоочусу – өзүнө коопсуз жана жеткиликтүү учууга мүмкүнчүлүк берген жүргүнчү.
Учурда “Эйр Манас” IOSA сертификациясынын жана IATA мүчөсүнө кирген алгачкы ата мекендик авиакомпания болуу процессин жыйынтыктоодо.
Компания тууралуу кыскача
“Эйр Манас” – Кыргыз Республикасынын тез өнүгүп жаткан компанияларынын бири. Анын өзгөчөлүгү болуп арзан баадагы “лоукост” бизнес-үлгү авиакаттамдары болуп калган. Бир нече чет өлкөлөрдө колдонулган бул жаңы стратегия Борбордук Азиянын аймагына ылайыкташтырылган. "Эйр Манас" эл аралык “Манас” аэропортунда негизделген. Өзүнүн авиапаркында “Эйр Манас” “Боинг 737-400” жана “Боинг 737-800” сыяктуу учактарды колдонот. Аэропортто “Эйр Манас” авиакомпаниясынын учактарды тейлөөчү өзүнүн тастыкталган авиациялык-техникалык базасы бар. Квалификацияны жогорулатуу курстардын аркасы менен тажрыйбалуу экипаж жана техникалык персонал учакта коопсуздукту камсыздап, жүргүнчүлөрдүн талабын аткарууга жана жогорку стандарттарга ылайык келүүгө аракет кылышат.
“Эйр Манас” авиакомпаниясынын артыкчылыгы болуп сапаттын жана учуу коопсуздугунун эл аралык стандарттарын жолдогонунда. 2014-жылы ноябрда авиакомпания ата мекендик авиакомпаниялардын ичинен сапат менеджментинин системи боюнча ийгиликтүү өтүп, ISO 9001:2008 сертификатын алган алгачкы компания болгон. Учурда “Эйр Манас” IOSA сертификациясынын жана IATA мүчөсүнө кирген алгачкы ата мекендик авиакомпания болуу процессин жыйынтыктоодо.