О! мобилдик оператору Кыргыз жарандарынын эң популярдуу багыттары боюнча роумингде бааларды арзандатууну улантып жатат. Бүгүнкү күндөн тартып 1 МБ Мегафон (Россия) түйүнүндө болгону 1 сом болот! Мындай баа Tele2 россиялык операторунун түйүнүндө да жеткиликтүү экендигин эске салабыз.
«Бүгүнкү күнү жол жүрүүлөрдө арзан Интернет салттуу чалууларга жана SMS'ке караганда жаңы шаарларда навигатор-тиркемелер аркылуу жүрүү, мессенжерлерде достор жана туугандар менен жазышуу, керек сөздү Google Translate'те которуу үчүн бир топ маанилүү. Дал ошол себептен биз биринчи кезекте биздин абоненттерибизге Кыргыз жарандары көп бара турган өлкөлөрдө арзан Интернет роумингди сунуш кылып жатабыз», - деп роуминг жана интерконнект кызматынын жетекчиси Роман Литвинов белгиледи.
1 МБ арзандатылган баасы – болгону 1 сом Tele2 операторунун түйүнүндө жана Түркиянын Turkcell түйүнүндө да иштерин эске салабыз. Роумингдеги арзан 4G-интернет иш сапарда же жеке иштер менен жүргөндө, өз номерди сактоо менен маанилүү иштерди улантууга мүмкүндүк берет. Кызматты *997# буйрутмасы менен акысыз жана абоненттик төлөмсүз кошууга болот. Башка тарифтер жөнүндө кенен маалыматты О! мобилдик операторунан www.o.kg сайтынан «Роуминг» бөлүмүнөн билиңиздер.
О! мобилдик операторунан роуминг – кам санабай саякатта!