MegaCom "Элдик интернет" жаңы тарифтик планын тартуулайт

"Элдик интернет" тарифтик планы - MegaCom компаниясынын жаңы, күндөргө бөлүнбөгөн жана көлөмдүү мобилдик интернети. Тарифтик план мега-түйүндүн абоненттеринин каалоолорун жана өсүп жаткан керектөөлөрүн эсепке алуу менен компаниянын адистери тарабынан иштелип чыккан.

"Элдик интернет" - бул көңүл ачуу, билим алуу, күнүмдүк иштер жана чектөөсүз баарлашуу үчүн жогорку ылдамдыктагы интернет. Ар бир абонент өзүнө керектүү болгон көлөмдөгү гигабайт менен топтомду тандай алат. Буга кошумча акысыз SMS, түйүн ичиндеги жана түйүндөн тышкары мүнөттөрдү аласыз. Зарыл болгон учурда топтомдун аракет мөөнөтүнүн аягына чейин тандалган топтомго жогорку ылдамдыктагы турбо баскычты кошуп алууга болот. "Элдик интернет" тарифтик планы менен трафиктин наркы тууралуу кам санабастан видео чалууларды аткарып, жакындарыңыз менен баарлашып, онлайн оюндарды ойноп, жаңы рекорддорду коюп, HD сапаттагы фильмдерди жана видеолорду көрүңүз.

Тарифтик планга өтүү наркы: 60 сом + тандалган топтом үчүн жумалык абоненттик төлөм. Тарифтик план тууралуу толугураак маалыматты компаниянын сайтынан жана *678 номуруна чалуу аркылуу биле аласыз.

"Элдик интернет" - бул чектөөсүз интернет!


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Kroxa
2017-05-18 00:44:23
Элдин башын айлантып салышты откондо бироо россиядан келип мегакомду колдонуп укмуш тартып атат деп суйунуп жургон айдын аягында 8 мин сом болуптур карызы ушу кантип болсун билбейм,,
-2
Antoshka2016
2017-05-18 13:28:23
Kroxa,эмне магаком карызга жаза бере бекен э?
0
Tyty1990
2017-05-18 14:58:16
Antoshka2016,кошунасы болсо керек да. Жаза берет
0
omurbekFCB
2017-05-18 09:25:34
интернетти жакшы иштейт ылдамдык жогору о мн билайнга караганда
+3
Tyty1990
2017-05-18 15:00:29
Мегаком 60 сомдук эмес, 260сомдук да жетпейт аптасына. Бир эки видео көргөндө эле түгөнөт. Баланста акчаң болсо аны да 5сом калгыча шыпырат. Андан көрө 0! Жакшв.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан