MegaCom аракеттеги базалык станцияларды замандын талабына шайкеш келтирип жаңылоо жана жаңыларын орнотуу менен 4G LTE түйүнүн өнүктүрүүгө өзгөчө басым жасап келет. Үстүбүздөгү жылдын март айынан тарта техникалык бөлүмдүн адистери тарабынан аткарылган үзүрлүү иш-аракеттердин натыйжасында заманбап технология менен төмөндөгү 14 айылдын тургундары пайдалана алышат:
Чүй облусу: Чүй айылы.
Баткен облусу: Үч-Коргон айылы жана Кызыл-Кыя шаары.
Ош облусу: Араван а. (Алля Анаров айыл округу), Араван а. (С. Юсупов айыл округу), Агроном а., Кочубаев а., Кукалапаш а., Төлөйкөн а. (Чек-Абад айыл округу), Сасык-Үңкүр, Аччи а., Арап а., Кесов а. жана Чертик а.
Бишкек шаарында сигнал белгилүү деңгээлде жакшыртылган. Мега-түйүндүн абоненттери Бишкек, Ош, Жалал-Абад, Талас, Чолпон-Ата, Каракол, Кант, Кара-Балта, Токмок жана Кара-Суу шаарларында жана Чүй облусунун 32 айылында, Ош облусунун 19 айылында, Ысык-Көл облусунун 7 айылында жана Жалал-Абад облусунун 2 айылында 4G түйүнүнүн жогорку ылдамдыктагы мобилдик интернети менен колдонуп келишет.
MegaCom'дон 4G LTE түйүнүнө кошулууну кааласаңыз, алгач түзмөгүңүз жана SIM-картаңыз төртүнчү муун түйүнүн колдой тургандыгын текшерип алыңыз. *460 чакыруу акысыз буйруусун териңиз. Эгерде *460 буйруусун тергениңизден кийин системадан "SIM-картаңызды алмаштырыңыз" деген жооп келсе, компаниянын жакынкы жердеги жайгашкан Сатуу жана абоненттерди тейлөө борборуна же Фирмалык салонуна кайрылууңуз керек. Ал жерден сиздин эски SIM-картаңызды 4G LTE форматындагы жаңысына акысыз алмаштырып беришет.
MegaCom'дон 4G LTE менен чыныгы ылдамдыкты сез!