“Биз улуттук суусундуктар менен дүйнө жүзүн багындырабыз”
Элибизди кайталангыс даамы бар улуттук суусундуктары менен камсыздап келген “Шоро” компаниясынын негизделгенине быйыл 25 жыл толду. Буга карата аталган компаниянын Бишкек шаарындагы, Чүй, Ысык-Көл, Жалал-Абад облустарындагы жана Казакстандагы бардык сатуу түйүндөрүндө кечээ, 25-майда максым шоро элге бекер берилди. Компаниянын кызматкерлери күндүн ысыгында элдин суусунун кандырып, ар бир кардардын жүзүндө жылмаюуну жаратты. "Шоронун" суусундуктары сатылган жайлардын бирине "Шоро байке" атка конгон компаниянын жүзү Талант Ашканов жана башка өкүлдөрү келип, шаар тургундарына жагымдуу маанай тартуулашты.
“Шоро” компаниясынын башкы директору Бакытбек Исираилов компаниянын 25 жылдык ийгилигинин сыры талыкпас эмгекте экенин айтат.
“Компаниянын негиздөөчүлөрү Таабалды жана Жумадил Эгембердиевдер 25 жыл мурун “Шоронун” ийгиликке жетерине ишенип бул ишти баштаган. Юбилейибизди чейрек кылым бою бизди колдоп келген кардарларды максым шоро менен сыйлоодон баштадык. Бүгүнкү өткөрүп жаткан акциябыздын максаты - 25 жыл бою бизге ишеним көрсөтүп биз менен бирге болгон кардарларыбызга сый-урмат көрсөтүп, ыраазычылыгыбызды билдирүү. Кыргыз элине бакубат өмүр, бекем ден соолук, сергек жашоо каалайбыз”, - деди ал.
Бакытбек Исираиловдун айтымында, компаниянын өкүлдөрү Таабалды Эгембердиевдин айткан насааттарынын негизинде иш алып барууда. Негиздөөчүнүн “биз улуттук суусундуктар менен дүйнө жүзүн багындырабыз” деп айтканы бар. Мындан улам “Шоро” компаниясы учурда суусундуктарын эл аралык стандартка ылайык жасоого бел байлап, жакынкы убакта чет өлкөлөргө экспорттоону пландоодо.
2013-жылдан бери компаниянын рекламалык роликтеринин жүзү, куюп-сатуу бөлүмүнүн башчысы Талант Ашканов: “Ата-бабаларыбыз илгери кайда барбасын жанына булактын суусун жана максымды алып жүрүшкөн экен. Кайсы жерге барбайын, мага баары “Шоро байке” деп кайрылышат. Компаниянын негиздөөчүсү Табаалды Эгембердиевдин балалыгы согуштан кийинки мезгилге, Советтер союзу учуруна туш келет. Мен кийип турган кийим дагы ошол учурдагы адамдардын образына байланыштуу тандалып алынган”, - деди.
Кыргыз өлкөсүнүн улуттук суусундуктар рыногундагы лидер компания
“Шоро” компаниясы 1992-жылдан бери экологиялык жактан таза, ден соолукка зыяны жок суусундукту өндүрүп келет. Компанияны негиздөө идеясы бир туугандар Таабалды жана Жумадил Эгембердиевдерде 1987-жылы пайда болгон. Экөө бала кезинде Сүйүн апасы даярдаган максымды сүйүп ичишчү. Бул суусундук үйүнө келген конокторго дагы тартууланып, аларды өзгөчө даамы менен тамшандырып турган.
"Шоро" компаниясы чейрек кылымдын ичинде көптөгөн ийгиликтерди багындырып, өлкөдөгү улуттук ичимдиктер рыногундагы лидерге айланды. Компания мындан ары дагы өнүгүп-өсүп, Кыргыздын атын дүйнө жүзүнө таанытат деген элдин ишеними чоң.