“Кыргызстанды туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук стратегиянын программасы мурун эле даяр болушу керек эле, ал кечиримсиз түрдө кечиктирилип жатат”. Бул тууралуу бүгүн, 14-майда “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында КРны туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңештин жыйынында “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев билдирди. “Өкмөт Улуттук стратегияны сунуш кыларда же январь айына чейин эле билген да бул тууралуу. Стратегия сентябрь айында даярдалып баштабады беле? “Программа өтө кечигип жатат” деп Улуттук кеңештин мүчөлөрү айткан пикирге кошулам”,- деди депутат.