"Альянс Алтын” жоопкерчилиги чектелген коому Талас облусунун бардык шаар-райондорунун өкүлдөрүнөн турган 500 орозо кармоочуларга Талас шаарындагы “Талас" ресторанында ооз ачырды. Коноктордун арасында коомубуздун бардык тармактарынан өкүлдөр, аксакалдар, жаштар, аялдар, имамдар, мамлекеттик эмес уюмдардын өкүлдөрү, мамлекеттик кызматкерлер болушту.
Катышуучуларды Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Д.Кенекеев ыйык Рамазан айы менен куттуктап, “Альянс Алтын” компаниясы облустун экономикалык-социалдык өнүгүүсү үчүн мааниси зор экендигин белгиледи.
“Альянс Алтын” жоопкерчилиги чектелген коомунун Башкы директорунун орун басары К.Мусаев дагы облус тургундарын Орозо айы менен куттуктап, ар бир үй-бүлөгө байгерчилик, жетишкендик каалады. Ошондой эле ифтардын катышуучуларына “Жер Үй” алтын кенинин негизги инвесторлору болушкан Муса Бажаев менен Алижан Ибрагимовдун атынан атайын ушул иш-чара үчүн Москва шаарынан келишкен “Русская Платина” ачык акционердик коомунун өкүлдөрү Ахмед Бажаев менен Леонид Андреевдер куттук айтышып, өлкөгө өнүгүп өсүү тилешти.