«KG ГРУПП» кайрымдуулук фонду жыл сайын Орозо айында кайрымдуулук акциясын уюштуруп, жардамга муктаж жарандарга жардам көрсөтүп келет. Бул жылы «Кадамжай» коомдук фонду менен биргеликте эң зарыл болгон азык-түлүктөр салынган кутулар муктаждарга таратылып берилди. Алгач «Кадамжай» коомдук фонду менен бирге «KG ГРУПП» кайрымдуулук фондунун президенти Имамидин Ташов Баткен облусунун Кадамжай районундагы турмуш-тиричилиги оор үй-бүлөлөргө 280 чакты азык-түлүк толтурулган кутуларды тапшырышты.
Андан кийин фонддун президентинин жетекчилигинин алдында Ош шаарындагы жана Кара-Суу районунун айыл өкмөттөрүндөгү аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө да 280 даана кайрымдуулук баштыкчаларын беришти. Азык-түлүктү жалпысынан райондун 16 айыл аймагынан жардамга муктаж үй-бүлөлөрү алды.
Мындан тышкары райондук Социалдык коргоо башкармалыгында жакыр жашаган үй-бүлөлөрдүн тизмесине киргендерге жардам көрсөтүлдү. Жыл сайын мындай жардам Бишкек шаарында гана таратылганын эске алып, фонддун жетекчилиги быйыл өлкөнүн түштүк аймагындагы жарандарга да орозо баштыкчаларын таратууну туура көргөн. Бирок орозо айынын соңку күндөрүндө И.Ташов Бишкек шаарындагы жардамга муктаждарга да салтка айлантып алган кайрымдуулук аракеттерин көрсөттү. Тактап айтканда, борбор калаадагы ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген, турмуш-шарты оор үй-бүлөлөргө да азык-түлүк жагынан жардам берилди.
«KG ГРУПП» орозо кармаган бир адамды ифтарга чакырып курсагын тойгузганга караганда, бир үй-бүлөнү бир аптага жетерлик азык салынган баштык менен камсыздоону эп көргөн.
“Кыргыз өлкөсүндө ислам дининдеги бул маданиятты жайылтуу биздин башкы максат. Биз бул аракеттерибиз менен коомчулукка жардамдашууну жана берешен болууну жайылтабыз. Жакшылыкты адам ар дайым жасаш керек, бул, албетте, адамга кайтып келет. Биздин ишкана мындай кайрымдуулук иштерин улантууну токтотпойт. Өзгөчө орозо күнүндө калктын аярлуу катмарына жардам көрсөтүү колунан келген ар бир мусулмандын милдети деп билем. Бизге жардамга муктаж, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды таппай калган, кой үстүнө торгой уялаган жакшы турмуш келет деп үмүт кылам”, - дейт Имамидин Ташов.