MegaCom "Элдик Смартфон" сынагынын жеңүүчүлөрүн куттуктады

Компаниянын 11 жылдыгына карата өткөрүлгөн сынак жыйынтыкталып, заманбап смартфондор бактылуу ээлерине тапшырылды.

Сынак MegaCom компаниясынын Facebook расмий баракчасында эки этап менен өткөрүлүп, биринчи этабында кеңири тараган 11 мобилдик аппараттын ичинен соцтармактын пайдалануучулары өздөрүнө жакканына добуш беришкен. Жыйынтыгында Apple iPhone 7, Samsung Galaxy S7 Edge жана Xiaomi Mi 5S Plus смартфондору элдик смартфон болуп табылган. Экинчи этапта абоненттер сынактын жөнөкөй шарттарын аткарып, аталган смартфондордун бирин утуп алуу үчүн өз бактысын сынашты. Майрамдык интерактивге бардыгы болуп 2 миңден ашык абонент катышты.

5-июнда Megacom'дун Facebook`тагы баракчасында түз эфирде жыйынтык чыгарылып, сандардын генератору мега-сынактын жеңүүчүлөрүн аныктады. Анда эмесе бактылуу жеңүүчүлөрдүн аты-жөндөрүн атай кетели:

Шамиль Махмудов – Apple Iphone 7 128 gb;

Уулжан Мамыралиева – Samsung Galaxy S7 Edge 32 gb;

Жанат Асаналиев – Xiaomi Mi 5S Plus 128gb (6gb RAM).

"Мен MegaCom компаниясынын "Элдик Смартфон" сынагына катышып, супер байгени утуп алдым. Абдан кубанычтамын, сезимдерим толкуп-ташып жатат десем болчудай. MegaCom уюлдук операторуна рахмат айткым келет Мындан ары да өсүп-өнүгүүсүн каалайм!" - деп баш байге ээси Шамиль Махмудов ойлору менен бөлүштү.

Мобилдик оператор майрамдык сынактын жеңүүчүлөрүн чын дилинен куттуктайт жана сынакка катышкан бардык абоненттерге ыраазычылык билдирет.

"MegaCom абоненттерине ыңгайлуу тарифтик пландарды, кызматтарды, опцияларды гана сунуштабастан, алар үчүн түрдүү сынактарды жана акцияларды өткөрүп келүүдө. "Элдик смартфондордун" жеңүүчүлөрүн куттуктайм. "Элдик Интернет" алар үчүн идеалдуу тариф экендиги кубандырат", - деп белгиледи компаниянын коммерциялык директору Нурбек Ишекеев утуштарды тапшыруу учурунда.

MegaCom'дун жаңылыктары, акциялары жана сынактары тууралуу Facebook, Instagram, Twitter жана Одноклассники социалдык түйүндөрүндөгү расмий баракчаларыбыздан жана megacom.kg сайтынан кабардар болуп турсаңыз болот.

MegaCom конкурстарына активдүү катышыңыз жана мыкты белектерди утуңуз!

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан