Кыргыз Республикасынын премьер-министри Сооронбай Жээнбеков: "Менин бардык иш-аракетим ачык-айкын болот"

Бүгүн, 15-июлда Бишкек шаарындагы Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармонияда Кыргызстан социал-демократтар партиясынын кезектеги XVI съезди ɵттү. КСДПнын съездинде Сооронбай Жээнбековдун талапкерлиги президенттик шайлоого расмий сунушталды.

Съездде партиянын мүчөлөрү президенттик шайлоого премьер-министр Сооронбай Жээнбековдун талапкерлиги ылайыктуу экенин айтышты. Премьер-министр сөз алып сүйлөп, төмөнкүлөргө токтолду.

Урматтуу мекендештерим! Урматтуу СДПК партиясынын мүчөлөрү! Үзөңгүлөштөрүм! Ардактуу меймандар!

Кыргызстаныбыз эгемендүүлүккө ээ болуп, көз карандысыз мамлекет болгонуна быйыл 26 жыл толот. Бул мезгил аралыгында мамлекетибиз, элибиз жакшылыктар менен катар бир топ сыноолорду, кыйынчылыктарды баштан өткөрдү. Бүгүнкү күндө Кыргызстаныбыз мамлекет катары бутуна туруп, ишенимдүү өнүгүү жолуна түштү.

Биздин партиябыз өз өлкөбүз менен, элибиз менен бирге тарыхтын татаал жолунда Кыргызстандын жаркын келечеги, эркиндиги үчүн коррупцияга белден баткан үй-бүлөлүк режимге каршы, мамлекетти коргоп, күрөшүп келди. Бул жылдар аралыгында биз өз элибиз менен чогуу болдук.

Ар бир саясий партиянын максаты – өз эмгеги аркылуу элдин калың катмарынын колдоосуна ээ болуу. Азыркы учурда элдин партиябызга болгон ишеними, зор үмүтү – ар бириңердин, катардагы ар бир мүчөнүн жана партияны негиздеген, түптөгөн лидери – урматтуу Алмазбек Шаршенович Атамбаевдин тарыхый тагдыры, мээнети.

Биздин партиябыздын тагдыры эгемендүү Кыргызстандын тарыхы менен тыгыз байланышкан. Мына ушундай партиянын атынан эң жогорку мамлекеттик кызматка – Кыргыз Республикасынын президенттигине талапкер катары көрсөтүлүү – ар бир Кыргыз жараны жана мен үчүн – чоң сыймык болот.

Учурдан пайдаланып, эң жогорку ишеним артып, талапкерлигимди көрсөтүп жаткан партиялаштарыма терең ыраазычылыгымды билдирем!

6-7 жыл мурда мамлекетибиз кандай эле? Ал татаал мезгилдер эсимде. Саясий оюндар күчөп, саясатчылардын жеке кызыкчылыктары үчүн жолдор буулуп, күнүгө жок дегенде 2-3 митинг болуп турар эле. Элдин маанайы сууп, чыр-чатактан чарчап турган кез эле. Ошол учурда “Кыргыз мамлекетинин келечеги барбы, кыргыз эли мамлекеттүүлүгүн сактай алабы?” деп, жанды кейиткен ачуу пикирлер ачык эле айтылып калган.

Атамбаев кыйын кезеңде Мекенибиздин түйшүгүн моюнуна алып, ошондон бери бул жоопкерчиликтүү милдетти татыктуу аткарып келе жатат.

"Инвесторлор үчүн Кыргызстан ыңгайлуу өлкөгө айланат"

Экономиканы өнүктүрүү максатында биз айыл чарбасына, кайра иштетүү, тигүү тармагына, туризм жана кызмат көрсөтүү индустриясына басым жасоону улантабыз. Бул аракет жумушчу орундарды көбөйтүү, элдин жашоо деӊгээлин жогорулатуу, өлкөнүн экспорттук потенциалын арттырууга багытталган.

Чакан жана орто бизнеске шарт түзүп, түрткү беребиз, натыйжада алардын экономикадагы үлүшү 50 пайыздан кем болбойт. Инвесторлор үчүн Кыргызстан ыңгайлуу өлкөгө айланат.

Энергетикалык көз карандысыздыкка жетиштик. Өлкөдө жаңы энергетикалык инфраструктураны куруу жана иштеп жаткандарды модернизациялоо боюнча комплекстүү иштер жүргүзүлүүдө.

Мындан ары электр энергиясын өндүрүүнү жана аны экспорттоону көбөйтүү зарыл. Ал үчүн энергетикалык инфраструктураны өнүктүрүп, анын ичинде «CASA-1000» долбоорун улантабыз. Бул долбоор 2021-жылы бүтөт.

Быйыл Кыргызстан үчүн стратегиялык мааниге ээ Токтогул ГЭСин модернизациялоо башталды. Натыйжада ГЭСтин кубаттуулугу 240 МВтка көбөйөт, пайдалануу мөөнөтү 35-40 жылга узарат. Токтогул ГЭСин модернизациялоо - өлкөнүн энергетикалык туруктуулугун бекемдеп, энергетикалык көз карандысыздыгын чыӊдайт.

Кыргызстандыктарды дүйнɵдɵгү атаандаштыкка даярдоо үчүн жаӊы сапаттагы билим берүү системасын орнотобуз. Жогорку билимдүү, алдынкы технологияларды өздөштүргөн коом түптөлөт. Мектеп мугалими менин көңүлүмдүн борборунда болот. Өзүм да мугалим болуп иштегем, бул кандай эмгек экенин жакшы билем.

"Сот системасын реформалоо улантылат"

Биз коомчулук күткөн соттордун адилеттигин жана ачыктыгын камсыздоону аягына чыгарабыз. Адилеттикти орнотуу – көп убакытты, энергияны талап кылат, бир президенттик мөөнөт менен эле бүтпөйт. Сөзсүз улантуучулук принциби керек болот.

Адамды, жаранды жана бизнести коргогон сот системасындагы реформаларды чечкиндүү улантып, аягына чыгарабыз. Соттор жеке менчиктин кол тийбестигин, ар бир жарандын теӊ укуктуулугун камсыздайт. Жарандардын улутуна, жынысына, диний ишенимине карабастан биздин коомдо адамдын негизги укуктары толук бойдон сакталышына жетишебиз!

Президенттин жарлыгы менен башталган күч органдарын реформалоо жумушу аягына чыгарылат. Реформанын алкагында адам укугун коргоо – негизги багыт катары аныкталган. Экономикалык, криминалдык кылмыштар, экстремизм, терроризм менен күрөшкөн күч структураларынын функциялары так бөлүнөт, милдеттери жана функциялары кайталанбайт.

Көз карандысыздыктын негизги элементи болгон армияга президент өзгөчө көӊүл бурду. Өлкөнүн куралдуу күчтөрү реформаланып, алардын курал-жарак, техника, социалдык жактан камсыз болушу кескин жогорулады.

Жоокерлерибизди социалдык колдоо жүрүп жатат. Акыркы үч жылда аскер структуралары жана күч органдары үчүн турак жай курууга 3,5 миллиард сом бөлүнүп, 1500 батир берилди. Бул саясат мындан ары да уланат.

"Бардык чөйрөдө коррупция менен келишпес күрөш жүрүп жатат"

Башкаруу системасын реформалоо зарыл. Бул максатта “Таза коом” долбоорун ишке киргизүүнү тездетиш керек. Анын башталышы менен коррупциянын деӊгээли кескин азаят.

Азыр “Түндүк” деп аталган электрондук башкаруунун системасын ишке киргизип жатабыз. Натыйжада жарандарыбыз бардык мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды каалаган жеринен, каалаган убакытта оңой ала тургандай болот. Бул долбоор адамдык факторду кыскартат, коррупциянын деңгээлин төмөндөтөт, жарандар тарабынан мамлекетке ишенимди жогорулатат, элдин көйгөйүн чечүүнү тездетет.

Президенттин бекем саясий эрки менен, тоскоолдуктарга карабай, шайлоо кампаниясынын ачык-айкындыгы, адилеттиги камсыз болду. Заманбап технологияларды ишке киргизүү менен жарандарыбыздын эркин жана таза шайлоо укугун камсыздай алдык. Кыргызстанга аброй жана ишеним алып келген шайлоолордун адилеттигин камсыз кылуу – кийинки жылдары да актуалдуу бойдон калат, бул иш күчөтүлөт.

Акыркы жылдары ɵлкɵдɵгү саясий кырдаал түп-тамырынан бери ɵзгɵрдү. 2016-жылы жасалган Конституциялык реформа – парламенттик системаны бекемдеди; аткаруу бийлигинин туруктуулугун күчөтүп, сот реформасын улантууга негиз болду.

Тынчтыкты жана өнүгүүнү камсыз кылган мамлекет башчысы катары президенттен, бийликтин бардык бутактарын, жарандык коомду жана бизнести консолидациялоону талап кылынат.

"Президентибиз айтмакчы, кыргыздар – колдогону бар эл!"

Президентибиз Алмазбек Шаршенович Атамбаев айтмакчы, кыргыздар – колдогону бар эл! Карт кылымда канча ирет кырылып барып тирилдик, чачылып барып бириктик?! Ал ортодо канча эл бириндеп жок болду, канча эл азыр мамлекетине жете албай зарлап жүрөт!

Жараткан бизге керемет жерди буйруптур! Ыймандуу, ынтымактуу, билимдүү, айкөл элибиз бар! Эки революциядан улут аралык кандуу кагылыштан кийин кыска убакытта улуттар аралык ынтымакты камсыз кылдык, мамлекетибиздин бүтүндүгүн, элибиздин биримдигин сактап калдык! Бул биздин эӊ башкы жетишкендигибиз! Биз тапкан жолубуздан бурулбай, өсүп-өнүп кетерибизден эч шек санабайм.

Мен ушул жашка келгенге чейин турмуштун көп ачуу-таттуусун таттым, далай сыноолорду башымдан кечирдим. Достук, жолдошчулук, эки жүздүүлүк, сатып кетмей – баарын көрдүм. Азыр акылга, тажрыйбага, билимге толуп турган кезим.

Мен бала чагыман жерге жакын өстүм, ат жалында чоӊойдум, мал бактым, суу сугардым. Кыргызстанда мен барбаган айыл, кокту-колот жок, ар бир жердин коён жатагына чейин билем. Ошондуктан карапайым адамдын санаасы, көйгөйү, кубанычы мага жакын.

Жараткандын колдоосу менен, эл ишенген, президентибиз тапшырган кызматтарда адал иштеп келдим.

Эми Кудайым буюруп, мекендештерим колдосо, мындан аркы негизги максатым – элиме, жериме ак кызматымды улантуу. Эл ишенимине, алкышына ээ болуу, аны актоо – мен үчүн намыстын иши!

"Өз элимдин кулу болуп, кызмат кылууга мен даяр!"

Менин бардык иш-аракетим ачык-айкын болот. Буга чейин кандай адал иштесем, мындан кийин да адал иштейм, кыӊыр ишке барбайм!

Элдин уулу катары, кыргыздын жараны катары айтарым: Мекениме ак кызмат кылам! Адилеттикти туу тутам, кландык, жердештик, үй-бүлөлүк башкарууга, коррупцияга жол бербейм. Байлыктын кулу болбойм, элдин кулу болом! – деп куттуу трибунадан сөз берем!

Мага бийик ишеним артып, Кыргыз Республикасынын президенттигине көрсөткөнүӊүздөр үчүн чын жүрөгүмдөн ыраазымын! Кудайым буюруп, элим колдоп, шайланып калсам, Кыргыз мамлекетинин жаркын келечеги үчүн билимимди, тажрыйбамды, күч-кубатымды жумшайм.

“Бийликке келерден мурда, андан абийириӊ менен кетериӊди ойло” дейт. Ушул кезге чейин чогулткан кадыр-баркымды, абийиримди сактап калуу, кызматтан кийин да эл арасында, сиздердин араӊыздарда башымды бийик көтөрүп жүрүү – мен үчүн эч нерсеге алмаштыргыс улуу дөөлөт.

Ала-Тоонун уулу болуп,

Өз элимдин кулу болуп,

Кызмат кылууга мен даяр!

Урматтуу саясий санаалаштарым, ардактуу коноктор, калайык-калк! Баарыңыздарга амандык, тынч, жакшы жашоо каалайм! Эгемен Кыргызстаныбыздын келечеги кеӊ болуп, гүлдөп өссүн!


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан