Кыргыз Эл Баатырлары: “Элибиз Сооронбай Жээнбековдой тажрыйбалуу, мамлекетчил, ыймандуу, иш билги адамды президенттикке шайлап алышсын”

Көпчүлүктүн бүйүрүн кызыткан КСДПнын XVI съезди 15-июлда Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда болуп, алдыдагы президенттик кызматка премьер-министр Сооронбай Жээнбековдун талапкерлигин көрсөтүү тууралуу чечим кабыл алышты. Мындай чечимди партиянын съездине келген 674 делегаттын дээрлик бардыгы бир добуштан колдоп, каршы чыккандар болгон жок. Партия мүчөлөрүнүн кабыл алган мындай чечими тууралуу коомчулукта бараандуу салмагы бар Кыргыз Эл Баатырларына кайрылып, пикирлерин угуп көрдүк.

Бексултан ЖАКИЕВ, Кыргыз Эл Баатыры:

- Мени дагы КСДПнын съездине конок катары чакырышкан. Бирок ден соолугума байланыштуу ооруп калып, бара албай калдым. Бара албасам дагы партиянын съездинде президенттик талапкер боюнча кабыл алган чечимин уктум. Съездге келишкен делегаттар менен партиянын жүздөгөн мүчөлөрүнүн чечими абдан туура болду деп баса белгилеп айтып кете алам.

Элибиз эми бөлүнүп-жарылбай, биримдикке келүү менен ушундай тажрыйбалуу, мамлекетчил, эң башкысы ыймандуу, иш билги жакшы кишини шайлап алышса дээр элем. Мен КСДПнын саясий кеңеши менен жүздөгөн делегаттардын Сооронбай Жээнбеков боюнча кабыл алышкан чечимдерин колдоого гана алам.

Миталип МАМЫТОВ, Кыргыз Эл Баатыры:

- Мен КСДПнын президенттик шайлоого талапкерди аныктоо боюнча съезддине конок катары өзүм да катышып, иш-чарага күбө болуп кайттым. КСДПнын жүздөгөн делегаттары буга чейинки партиянын саясий кеңеш боюнча кабыл алган чечимин бекемдешип, абдан туура чечим кабыл алышты деп ойлойм. Өзүңөр билесиңер, Сооронбай Шарипович учурдагы президенттикке аттанып жатышкан талапкерлердин эң көрүнүктүүсү жана татыктууларынын эң негизгиси деп ойлойм. Ал эң ириде буга чейин бардык бийликтин тепкичтерин этап-этабы менен басып өтүп келе жатат.

Совхоздун директорлугунан кыргыз парламентинин катары менен 3 жолку чакырылышынын депутаты, эки ирет министр, губернатор, президенттик аппараттын кызматкери, премьер-министр катары да Кыргызстандын эл-жеринин көйгөйлөрүнүн бардыгын билет жана аларды чечүүнүн жол-жобосун дагы өздөштүргөн. Анын өлкөбүздү мындан ары да өнүктүргөнгө күчү жетет. Анан калса Сооронбай Шарипович табиятынан өтө тарбиялуу, ыймандуу, жупуну жетекчи катары ата-эненин, турмуштун тарбиясын алган жакшынакай инсан. Ошондуктан кыргыз элин өстүрүп-өнүктүрүүгө салымын кошкон мындай инсан келечекте да татыктуу жол менен өлкөбүздү өнүктүрүп кете алат деген бекем ишенимим бар.

Алиясбек АЛЫМКУЛОВ, Кыргыз Эл баатыры:

- Негизи ошол жерде съездге катышкандардын дээрлик бардыгы Сооронбай Шариповичтин талапкерлигин туура көрүп, бир добуштан колдодук. Муну менен биздин партия ынтымактуу, биримдиктүү, маселени кеңешип-кесип чече аларыбызды көрсөттүк.

Жеке өзүм дагы Сооронбай Шариповичтин биринчи партиянын саясий кеңеши, андан соң делегаттар тарабынан колдоо тапканына, анын ысымын партиянын мүчөлөрү көтөрүп чыгышканы колдоого алчу, туура кадам экенин көрсөттү десем болот.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан