Нарын шаарына жакын тоого мамлекеттик желек орнотулду

Нарын мамлекеттик университетинин Түрк тили жана маданияты борборунан билим алып жаткан жаштар май айынын ортосунда Нарын шаарынын түндүк тарабындагы тоо кыркасына мамлекеттик желекти орнотушту. Бул Нарын облусундагы эң чоң желек болуп саналат. Аталган борбордун окутуучусу Адилет Тентиевдин айтымында, 30дай жаш өкүлдөр бийиктиги 10 метр болгон желекти орнотууну 2 күндө бүтүрүшкөн. "Биздин борбор тарабынан 11-апрелде шаардагы Жаштар ордосунда атайын кыргыз-түрк достугу боюнча иш-чара өткөрүлгөн. Андан түшкөн акча каражатка тоо башына Нарындагы эң чоң тууну орнотуу боюнча идея келип чыккан. Бул кадамдын башкы максаты - жаштарды эл-жерин сүйүүгө үндөө, алардын мекенчилдик сезимдерин ойготуу жана кыргыздын желегин даңазалоо болуп саналат",- деди ал.

Желек Бишкек шаарынан жасатылып, узундугу 3, туурасы 2 метрди түзөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан