Кечээ, 25-сентябрда Борбордук шайлоо комиссиясынын жумушчу тобунун жыйыны өттү. “Демократия жана жарандык коом үчүн коалиция” коомдук бирикмеси президенттикке талапкер Сооронбай Жээнбеков Өзгөн районунда шайлоочулары менен жолукканда мектеп окуучулары, мамлекеттик кызматкерлер жыйынга катышканы боюнча БШКга арыз менен кайрылган. Ошондой эле окуучулар мектептен жыйын өтүүчү стадионго парталарды ташыганын жазышкан. Коомдук бирикме БШКга Жээнбековго эскертүү берүүнү сунуштаган.
Жээнбековдун ыйгарым укуктуу өкүлү Жылдыз Сманбаева менен БШКнын мүчөсү Назарали Арипов менен кайым айтышты.
Сманбаева Ариповго: "Сиз менин статусумду билесизби? Кечээ мага материалдарды бербей койдуңуз. Менин материалдар менен таанышканга укугум бар. БШКнын мүчөсү материалды берүүгө милдеттүү. Кечээ мага Назарали Арипов кыйкырып, маданиятсыз, сенсиреп сүйлөдү. Күбөлөр жок болгону өкүнүчтүү", - деди.
Жыйынтыгында тартылган видеодо далилдер жок болгондуктан жумушчу топ коомдук бирикменин Жээнбековго эскертүү сунушун четке кагуу чечимин кабыл алышты. Ошону менен катар эле Билим берүү жана илим министрлигине мектептин эмеректерин үгүт иштерине бербөө боюнча сунуш жиберүү чечимин кабыл алышты.