Журналист Кабай Карабековго карата Жээнбековдун доо арызы боюнча алгачкы соттук отурум өттү

Бүгүн, 3-октябрда Бишкектин Свердлов райондук сотунда журналист Кабай Карабековго карата президенттикке талапкер Сооронбай Жээнбековдун доо арызы боюнча алгачкы соттук отурум өттү. Бул тууралуу журналист SUPER.KG порталына билдирди.

Анын айтымында, Жээнбековдун сотко бергенине 11-сентябрда 24.кг сайтына президент Алмазбек Атамбаевдин Сочиге барганы боюнча "Сочиге сапар. Кремлге мураскердин артыкчылыгын кайра түшүндүрүп жатышат" деген макаланы жарыялаганы себеп болгон. Анда Москва тарапты "ага-ини Жээнбековдордун радикалдуу араб уюмдары менен тыгыз байланышы бар болушу мүмкүн" деген Кыргыз жана Орус атайын кызматтары берген маалымат тынчын алып жатканы тууралуу жазылган. Ал билдиргендей, аталган макала Борбордук шайлоо комиссиясынын чечими менен өчүртүлгөн. Моралдык зыян катары Кабай Карабеков менен 24.кг агенттигинен ар биринен беш миллион сомдон өндүрүү талап кылынууда.

Мындан тышкары ал кечээ, 2-октябрда УКМКга суракка барган. Суракка чакыруунун себеби орусиялык “КоммерсантЪ” гезитине чыккан материалы болгон. Анда ал Кыргыз мамлекетинин атайын кызматы президенттик шайлоого аралашып жатканы боюнча жазган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан