Бүгүн, 4-октябрда КТРКда президенттикке талапкерлердин катышуусундагы теледебат уланууда. Бүгүнкү дебатка Өмүрбек Бабанов, Токтайым Үмөталиева, Сооронбай Жээнбеков, Арстанбек Абдылдаев катышууда.
Катышуучулар программалары менен кыскача тааныштырууда. Бүгүнкү талкуу 2 саатка созулмакчы.
Президенттик шайлоо 15-октябрда өтөт.