КҮНСЕРЕП: Атамбаевдин сөзү казак оппозициясын кубантты, кыргыз оппозициясын кубартты

Бүгүн, 9-октябрь. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз.

Кыргыз-Казак бийлигинин саясий жаӊжалы тереӊдеп баратат. 7-октябрда президент Алмазбек Атамбаев Казакстандын бийлигин "Кыргыз президентин шайлоого түздөн-түз кийлигишүүгө" күнөөлөп, коӊшу өлкөнүн жетекчилерин "өз талапкерин таӊуулап жатышат" деп сындады. Ажонун сөзүнө жоопту Казак тарап көп күттүргөн жок. Аталган өлкөнүн Тышкы иштер министрлиги президент Атамбаевдин сөзүн "кыргыз-казак достук мамилесин эске алганда, бул президент айта турган сөз эмес" деп баалап, аны шайлоо алдындагы жоопкерсиздикке жана чагымчылдыкка айыптады. Өлкө жетекчиси менен Тышкы иштер министрлигинин деңгээлиндеги мындай айыптоолор сериясы Кыргыз-Казак мамилесинде саясий кризис мурда болуп көрбөгөндөй чекитке жеткенинен кабар берет. Себеп - 6 күндөн кийин өтүүчү президенттик шайлоо.
Атамбаевдин "тынчсыздануусуна" түрткү берген жагдайларга токтолсок. Талапкерлердин үгүт кампаниясына старт берилгенден кийин Өмүрбек Бабановду Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев кабыл алып, ага колдоо сөздөрүн айтып, ал кабарды Казактардын Элбашысынын расмий сайты жарыялады. Мындан кийин Кыргыз Тышкы иштер министрлиги нааразычылык нотасын жөнөткөн. Казак тарап бул жолугушуу эл аралык мамилелерде кеңири колдонулуп эле келе жаткан тажрыйба экендигин, тынчсыздана турган эч нерсе жоктугун, 1 ай мурда Назарбаев экс-премьер Сооронбай Жээнбековду деле кабыл алганын айтып жооп узаткан.
Бириккен улуттар уюмунун трибунасынан, кечээ дем алыш күнү "Ала-Арча" резиденциясынан жолдогон салам-дубайларына караганда Казак тараптын бул жообу Атамбаевди тынчтандыра албады. Атамбаевдин сөзүн Казак оппозициясы колдоого алды. Интернет желесинде "Буга чейин Мухтар Аблязов айтып келген чындыкты эми Атамбаев айтты" деген билдирүүлөрдү жазышууда. Ал эми Кыргыз оппозиционерлери Атамбаев коӊшу мамлекет менен ынтымакты бекемдөөнүн ордуна бузуп жатканын айтып, кескин сындап жатышат...

SUPER.KG порталында жүргүзүлгөн "15-октябрда президенттик шайлоодо кимге добуш бересиз?" деген бир нече айларга созулган онлайн добуш берүүнүн акыркы айлампасы жыйынтыкталды. Онлайн добуш берүүнүн бул айлампасы 3-октябрдан 9-октябрга чейин жүрдү. SUPER.KG’нин окурмандарынын басымдуу бөлүгү өлкө жетекчилигине Бабанов, Төрөбаев өӊдүү жаш муундун келишин колдой турганы белгилүү болду. Мурдагы президенттик жана парламенттик шайлоолорго катышып, жыйынтыктар бурмаланды деп нааразы болуп келген Адахан Мадумаровду президенттик тактыдан көргүсү келгендер да аз эмес. Ошондой эле бийликтин талапкери Сооронбай Жээнбеков алдынкы үчтүккө кирди.
2010-жылкы парламенттик шайлоодо 5 партия жеӊүүчү аталып Жогорку Кеӊешке келген. Алар "Ата Журт", "Республика", КСДП, "Ар-намыс" жана "Ата Мекен" партиялары (SUPER.KG порталындагы онлайн добуш берүүдө шайлоого чейин "Ата Мекен" партиясы 1-орунду ээлегени менен шайлоодо 5-орунга араң илинген). 2011-жылкы президенттик шайлоодо Алмазбек Атамбаев жеӊип чыкса, экинчини Адахан Мадумаров, үчүнчүнү Камчыбек Ташиев ээлеген (SUPER.KG порталындагы онлайн добуш берүүдө алдыда Адахан Мадумаров бараткан).
Бүгүн аяктаган онлайн добуш берүүнүн жыйынтыгында биринчиге Өмүрбек Бабанов менен Бакыт Төрөбаев тандеми (46,5 пайыз), экинчиге Адахан Мадумаров (34,1 пайыз), үчүнчүгө Сооронбай Жээнбеков (10,6 пайыз) чыкты.
Жогорудагы жыйынтыктардан улам же буга чейин таза шайлоо болгон эмес, же SUPER.KG порталынын окурмандарынын пикири реалдуулуктан алыс деген тыянак чыгарууга болот. Бул шайлоонун жыйынтыгы кандай болору, порталдын окурмандары реалдуулукка канчалык жакын же алыстыгы 6 күндөн кийин, президенттик шайлоодон соң билинет...


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан