Президенттикке талапкерлердин теледебатынын акыркы туру өтүүдө. Жээнбеков дебатка келген жок

Бүгүн, 12-октябрда президенттикке талапкерлердин КТРКдагы дебатынын акыркы туру өтүүдө. Дебатка Адахан Мадумаров, Азимбек Бекназаров, Темир Сариев, Арсланбек Малиев катышууда. Алып баруучунун айтымында, Сооронбай Жээнбеков телетаймашка келген жок. Ар бир талапкер 20 мүнөттүн ичинде программасын тааныштырып, суроолорго жооп берет. Бүгүнкү талкуу 2,5 саатка созулат.

Кечээ, 11-октябрда дебатка Улукбек Кочкоров, Өмүрбек Бабанов, Таалатбек Масадыков, Токтайым Үмөталиева жана Арстанбек Абдылдаев катышкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан