Ош шаарындагы облустук төрөт үйү мамлекеттик мекеме болгонуна карабай, ажатканага кирүү акысы 5 сомдон. Мындай маалыматты SUPER.KG порталына WhatsApp аркылуу окурман кабарлады.
"Ош облустук төрөт үйүндө ажаткана акысыз болушу керек, бирок төрөт үйүнүн ажатканасына 5 сомдон төлөтүп киргизип жатат. Абалы да жакшы эмес, оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлгөн эмес. Мындай абал жаңы төрөгөн энелер үчүн кыйынчылык жаратат. Эмне, мамлекеттик төрөт үйү бизнес борбор же жеке клиникабы? Жадакалса УЗИге көрүнгөнү кирсең өзүңө керектүү салфетка жана башкаларды ала кир деп жазып коюптур. УЗИге акча төлөп түшүп жатсак керектүү каражаттарды алып кирүү ашыкча го", - дейт окурман.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.