Өмүрбек Бабанов: "Президенттик шайлоодо талапкерлерге бирдей шарт түзүлгөн жок"

Президенттик шайлоодо талапкерлерге бирдей шарт түзүлгөн жок. Бул тууралуу бүгүн, 16-октябрда Өмүрбек Бабанов маалымат жыйын учурунда билдирди.

"Шайлоодо болгон мыйзам бузуулар боюнча БШКга арыз жазып беребиз. Президенттик шайлоо чоң атаандаштыкта өттү. Талапкерлерге тең шарт түзүлгөн жок. Үгүтчүлөргө куугунтуктоолор болду. Бирок өлкөдө сөзсүз ачык, адилеттүү шайлоо болот", - деди Бабанов.

Айта кетсек, 15-октябрь күнү Кыргыз Республикасынын президентин шайлоо өткөн. Алдын ала жыйынтык боюнча, бийликтин талапкери Сооронбай Жээнбеков шайлоого катышкандардын 50 пайыздан көбүнүн добушун алды. Ал эми Өмүрбек Бабанов шайлоочулардын 30 пайыздан ашыгынын добушуна ээ болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан